Бишкекте №281 маршрутка 11 жаштагы баланы сүзүп, ал каза болду

18 август 2018 19:20 2566 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган №281 кичи автобус 11 жаштагы  окуучу баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалым болгондой, окуя Ю.Гагарин менен Т.Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.  Жүргүнчүлөрдү ташыган №281 кичи автобус окуучу баланы сүзүп кеткен. Бала алган оор жаракатынан улам  ооруканада каза болду.   Учурда  бул факты боюнча териштирүү иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-281-marshrutka-11-zhashtagy-balany-szp-al-kaza-boldu



Добавить комментарий