Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта эки полковник көз жумду

20 май 2019 15:39 3906 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгында эки аскер кызматкери көз жумду. Маалыматты Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.   

Болжолдуу маалыматтарга караганда жол кырсыгы 20-майда саат 06:30да Бишкек-Ош авто жолунун 97-чакырымында болгон. Бишкекти көздөй келе жаткан «Мазда Демио» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулда уктап кеткен. Андан улам башкаруусун жоготуп, жол жээгинде турган жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Унаада төрт аскер кызматкери болгон. Алдыда отурган Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын полковниги жана запастагы полковник алган жаратынан окуя болгон жерде көз жумган. Калган экөө ооруканага жеткирилген.

Жолк кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө иштери башталды.

Рулда учурдагы полковник Р. Руслан, алдыңкы отургучта запастагы полковник Н.Нурбек болгон. Экөө тең окуя болгон жерде көз жумган.

Арттагы жүргүнчү орундарындагы 1973-жылы туулган учурдагы полковник Н.Адилет жана 1970-жылы туулган У.Эрнес ооруканага жеткирилген.  

«Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаада 1987-жылы туулган Ш.Искендер болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekosh-zholundagy-kyrsykta-eki-polkovnik-kz-zhumdu



Добавить комментарий