Бишкек — Торугарт жолундагы кырсыктан эки киши каза болду
Бөлүшүү:
Бишкек — Торугарт авто жолундагы жол кырсыктан эки киши каза болуп, жети киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Ага ылайык, кырсык 19-январда Кең-Булуң айылында болгон.
Volkswagen Vento автоунаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Анын кесепетинен Volkswagen автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү жеринде каза болгон. Андан сырткары жети киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-torugart-zholundagy-kyrsyktan-eki-kishi-kaza-boldu
Добавить комментарий ×