Бишкек шаарынын бир нече көчөлөрү бир тараптуу болот
Борбор калаанын бир нече көчөлөрүн бир тараптуу кылуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, Ашхабад көчөсү боюнча Горький - Кулатов көчөлөрүнүн бөлүктөрү, Панфилов, Логвиненко жана Шопоков көчөлөрүнүн бөлүктөрү, Чүй проспектисинен баштап Киев көчөсүнө чейин бир тараптуу кыймылды уюштуруу маселелери көтөрүлдү.
"Бир тараптуу кыймылды уюштуруу маселесин кылдаттык менен изилдөө үчүн жеринде биргелешкен кеңешмени уюштуруу чечими кабыл алынды.
Кеңешменин жыйынтыгында бардык кызматтарга жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды азайтуу, тыгын көйгөйлөрүн чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү жана коомдук транспортту жана жол -транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shparynyn-bir-neche-kchlr-bir-taraptuu-bolot
Добавить комментарий ×