Мэриядагы митинг: Алар тез арада борбор калаага жаңы мэрдин дайындалуусун талап кылып таркашты

26 октябрь 2020 13:52 747 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп жатат.

Чогулгандар Бишкек шаарына жаңы мэр тез аранын ичинде дайындалуусун талап кылып жатышат.

Эске салсак, борбор калаага убактылуу мэрдин милдетин аткаруу вице-мэр Нариман Түлеевге жүктөлгөн. 21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептеп митинге чыгышкан. Эртеси,  22-октябрда  Түлеев вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруудан баш тартып, өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Бүгүн, 26-октябрда Түлеев кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын кайра кайтарып алганы маалым болду.

Ошону менен катары эле, Бишкек шаарынын мэриясы, расмий түрдө баш калаанын мэринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-мэр Нариман Түлеевди гана башчы катары тааный тургандыгын билдирип чыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-meriyasyndagy-miting-alar-zhaparovdon-tez-arada-borbor-kalaaga-zhay-merdi-dajyndoonu-talap-kylyp-zhatyshat



Добавить комментарий