Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов дүйнө салды

11 июль 2020 10:38 1075 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Борбор калаанын казысы кечээ, 10-июлда каза болгон.

 «Садридин ажы Маджитов Бишкек шаарынын мусулмандар казысы кызматын аркалап, өз ишине жоопкерчиликтүү, илимге бай, адамдык сапаты бийик мыкты инсан эле. Ал өз өмүрүндө бир катар шакирттерди даярдап, Ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирүүдө абдан чоң салым кошту», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Садридин ажы Маджитов 1972-жылы 22-июнда Тажикстан Республикасынын Яван районунун Кыргызабад айылында төрөлгөн.

Маалыматка ылайык,  анын сөөгү бүгүн, 11-июль күнү Баткендин Кадамжай районундагы Өрүк-Зар айылына коюлат. Маалым болгондой, ал кант диабети менен жабыркап келген.

“Барометрдин” жалпы жааматы Садридин ажы Маджитовдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-kazysy-sadridin-azhy-madzhitov-djn-saldy



Добавить комментарий