Бишкек шаарынын казысы мечиттердеги санитардык абал менен таанышууда

18 июнь 2020 15:09 806 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов «Мадина» базарында жайгашкан «Мадина» мечитине барып, мечитте санитардык талаптардын аткарылышы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Анын айтымында «Мадина» мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыктын, казыяттын коюлган талаптары так аткарылып жатат. Эң негизгиси жамаат да мындай көрүнүшкө толук баш ийүүсү зарыл. 

«Мына бүгүн «Мадина» мечитине келип, мечиттеги абал менен жеринен тааныштык. Дене табын өлчөөчү аппарат, антисептикалык каражаттар коюлган жана намазда 1,5 метр аралыкты сактоо үчүн атайын белгилердин орнотулганына күбө болдук. Бул абалдан чыкканга чейин бардык мусулмандарды санитардык эрежелерди так сактоого чакырып кетем»,- деди Садридин ажы.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-kazysy-mechitterde-sanitardyk-abaldy-zherinen-taanyshty



Добавить комментарий