Бир суткада Бишкек шаарында 40 адам өзгөчө абал режимин бузду
14-апрелге карата Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 46 жаран жеткирилип, 9 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча - 40,
Жалал-Абад шаары боюнча – 6.
Ал эми, Ош шаары, Сузак, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2518 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaary-boyuncha-40-adam-zgch-abaldy-buzgan
Добавить комментарий ×