Бишкек шаардык соту Аида Салянованы камакта калтырды

12 июнь 2019 12:00 1299 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык соту учурда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо  чарасын өзгөртүү боюнча  арызын бүгүн карап, аны камакта калтырды. Бул тууралуу Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди

Сотко  Салянованын  50 чакты  жакындары, тарапкерлери келишкен.

Эсиңиздерге сала кетсек, 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

Мурдагы депутат Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaardyk-sotu-aida-salyanovany-kamakta-kaltyrdy



Добавить комментарий