Бишкек шаардык сот Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш ишин козгоду

18 июнь 2018 23:25 1488 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок.  Бул тууралуу Кулматовдун сот отурумунда айтылды. УКМКнын берген маалыматына караганда, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган. Ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен өткөртүп алган. Тергөө иштеринин алкагында Кулматовдун, мэриянын жогорку кызматтагы адамдары менен "Альто Групп" компаниясынын жетекчисинин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Мындан сырткары соттук олтурумда Кулматовго 350,346-статьялардын негизинде 14-июньда "Жасалма мөөр, документтерди колдонуу беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголду деп билдирди. 

Эске сала кетсек, 18-майда Кулматовго карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 5-июнда тергөө аяктаганга чейин камакка алынган. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaardyk-sot-kubanychbek-kulmatovgo-dagy-bir-kylmysh-ishin-kozgodu



Добавить комментарий