Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды
Бөлүшүү:
Төө-Ашууда көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ведомство берген маалыматка таянсак унаалар үчүн Ала-Бел ашуусу жана Чычкан ашуусу убактылуу жабылат.
“Бишкек-Ош унаа жолу 29-март саат 22:00дөн 30-март саат 10:00гө чейин унаанын бардык түрлөрү үчүн жабылат. Айдоочуларды Бишке-Ош каттамында сапарга чыгуусун токтотуп турууну өтүнөбүз”,-деп кабарлашты ӨКМдан.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholu-ubaktyluu-zhabyldy
Добавить комментарий ×