Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаа менен “Hundai Porter” кагышып, 4 адам жаракат алды

5 октябрь 2018 09:30 1369 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдын  4-октябрь күнү саат 11:41 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 619-чакырымында “DAF” үлгүсүндөгү (мам.№352ABM) оор жүк ташуучу унаа менен  “Hundai Porter” үлгүсүндөгү (06KG614AAO) унаа кагышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Кырсыктын кесепетинен  4 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бактыга жараша каза болгондор жок. 

Куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, райондук ооруканага жеткиришти. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-oor-zhuk-tashuuchu-unaa-menen-hundai-porter-kagyshyp-4-adam-zharakat-aldy



Добавить комментарий