Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө
Бөлүшүү:
2018-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-265-чакырымдары) кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чарасы жүргүзүлөт.
2018-жылдын 29-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында аттыруу иштери аткарылды, кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары 2018-жылдын 30-ноябрь күнү улантылат.
Аталган иш-чараны КР ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкү түшүрүү иш-чараларында ошол участок убактылуу жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-kar-kchkn-atajyn-atyp-tshr-ishteri-zhrgzld
Добавить комментарий ×