Мамлекетке миллиондон ашык салык төлөмдөрдү жашыруу фактысы ачылды

27 август 2018 15:30 1156 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

“Бишкек-Ош” унаа жолунун башкы дирекциясынын Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 1 миллион 543 миң 880 сом болгон өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз бөлүмү билдирди. Берилген маалыматта  Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери салык мыйзамдарын бузгандарды аныктоого, бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, натыйжада өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды жашыруу фактысы аныкталган. 

Түшкөн маалыматтардын негизинде ЭККМК тарабынан “Бишкек-Ош” унаа жолунун башкы дирекциясынын Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын ишмердигине салыктык текшерүү дайындалган, анын негизинде 2015-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин жалпы суммасы 1  миллион сомдон көп салыктар жана төлөмдөр эсептелип, аныкталган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-б. каралган (чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды төлөөдөн качуусу) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Азыркы убакта ЭККМК аталган кылмыш иши боюнча келтирилген зыянды кайтаруу чараларын көрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholun-kuruuda-1mln-543-mi-880-som-korrupcionerlerdin-chntgn-tshkn



Добавить комментарий