Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жеңил автоунаа оодарылып кетип, кырсыктан 7 адам жаракат алды
Бөлүшүү:
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жеңил автоунаа оодарылып кетип, кырсыктан 7 адам жаракат алды. Бактыга жараша каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок. Бул тууралу КР ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын 26-октябры күнү саат 06:48 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) “Audi S4” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам түрдүү жаракаттарды алышты.
Куткаруучулар алгачкы медициналык жардамды көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
Добавить комментарий ×