Бишкек мэриясы жаңы ачылган жоогазындарга аяр мамиле кылууну өтүндү

30 март 2019 11:16 1733 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги клумбаларда “Бишкек жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери тарабынан отуругузулган тюльпандар гүлдөдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Баардыгы болуп 18 сорттогу 193 миң жоогазын отургузулган. Алар Курманжан датканын эстелигинин айланасында, Түштүк магистралда, Ахунбаев жана Шабдан Баатыр, Жумабек  жана Ибраимов, Гоголь жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиштерине, Масалиев  көчөсүнө, “Өкмөт” «Театральный», “Эмгек даңкы” скварлерине, “Эмне багы”, Ата-Түрк паркы, Жеңиш паркы,  Каражыгач багы, Свердлов райондук администрациясынын имаратынын, Бишкек мэриясынын имаратынын алдына айдалган.  

Мэрия шаардыктардан өсүмдүктөргө абайлап мамиле кылууну, уурдалышы мүмкүн деген шектенүү болсо   0312375330, 0709399977 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-meriyasy-zhay-achylgan-zhoogazyndarga-ayar-mamile-kyluunu-tnd



Добавить комментарий