Бишкек мэриясы гей-парад жөнүндө: күнөөлүү болсок жаза тартууга даярбыз!
Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Тулобаев 8-мартта баш калаада өткөн гей-парадка түшүнүү менен кароого шаардыктарды чакырды. Өзүнүн суранычын ал социалдык баракчасына жарыялады.
Эскерте кетсек, "Кырк чоро” уюму бүгүн, 11-мартта Бишкек мэриясынын алдында митинг өткөрүп, шаар башчысы Азиз Суракматовдун кызматтан кетүүсүн талап кылабыз деп билдирген.
Кыймылдын башчысы Замирбек Кочкорбаевдин айтымында, Бишкек мэриясынын уруксаты менен өткөн аялдардын укугу боюнча митингде ЛГБТ уюмунун катышуучулары да жүрүшкө чыгуусу буга себеп болду.
Аппарат жетекчиси Балбак Тулобаев бул боюнча баракчасына төмөнкү пикирин билдирди:
“Ойлоно берип чач агарды. 8 марттан бери уйку жок. Миллиондук шаарды караш, ага кызмат кылыш чооң түйшүк. Бир жагын тартсаң бир жагы калат. Мектеп салам десең, бала бакчасы калат. Жолду баштасаң, канализация калат.
Кантип акча таап элдин жүгүн жеңилдетебиз деп жатсак бул митинги чыкты. Мэрия мунун укуктук жагынан кай жагында болдук экен деп ойлонгуча төө бастыга калдык.
Ой журт күнөөбүз болсо мейли жазабызды бергиле. Бир чети ичиң күйөт. Коомубуз кайда бара атат деп. Улуттук баалуулуктар кайда калды деп. Мыйзамды жазып атканда кыргыздын салт санаасына, үрп адатына, кылымдардан келген жашоо маңызына карап жазса. Мындай болбойт эле. Бул мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдү оңдоо, турмуштун, элдин талабы. Келечекте чоң чатактарга бөгөт койот. Жан үрөп иштей беребиз. Күчүбүз да билимибиз да жетет. Туура түшүнүү болсо”,-деп жазды ал.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-meriyasy-gej-parad-zhnnd-knl-bolsok-zhaza-tartuuga-dayarbyz
Добавить комментарий ×