Бишкек-Алматы унаа жолунда кырсык болуп, 20дан ашык киши ооруканага кайрылды
Бөлүшүү:
Бишкек-Алматы унаа жолунда кичи автобус менен автобус кагылышып, кырсыктан 21 адам ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Казакстандын Спутник маалымат агенттиги жазды.
Кырсыктан жабыркагандардан 6 киши жаткырылып, бирөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Полициянын билдиргенине ылайык айдоочулар жабыркаган эмес. Ал эми кырсык 28-октябрда чак түштө катталганы айтылууда.
Аталган окуя боюнча Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин жол эрежесин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Азырынча кырсыктагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жогу айтыла элек.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-almaty-unaa-zholunda-kyrsyk-bolup-20dan-ashyk-kishi-oorukanaga-kajryldy
Добавить комментарий ×