«Биримдик» партиясы Ысык-Кѳл облусундагы үгүт ишин баштады
Шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагында «Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын лидерлери менен талапкерлери расмий үгүт иштерин Ысык-Кѳл облусунан башташты. Эл менен алгачкы жолугушуу бүгүн, 11-сентябрда Балыкчы шаарында ѳттү.
Балыкчы шаарынын эли менен болгон жолугушууда «Биримдик» партиясынын тизмесин баштаган Акылбек Жамангулов сѳз сүйлѳп, партиянын программасына, алдыда аткарчу иштерине токтолду.
Партиянын тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров «Биримдик» элдин кызыкчылыгын баарынан жогору койгон партия экенине токтолуп, кесипкѳй, билимдүү, келечекте эл, ѳлкѳ үчүн кызмат кылчу мыкты жаштар, инсандар чогулганын белгиледи. «Партиянын тизмесин Акылбек Жамангулов баштап баратат. Бул жигит кыргыздын келечектеги Султан Ибраимову. Биздин катарда келечектеги ѳкмѳт башчылар, министрлер бар. Ѳлкѳбүздүн бардык аймагынан мыкты инсандарды чогулттук. Ишенип коюңуздар, биздин партияга добуш берсеңиздер жаңылбайсыздар! Биз партиянын программа, багыттарын ишке ашыра алабыз!», - деди.
Ошону менен бирге партиянын шайлоо бюллетенинде №1 болгондугу жеңишке жетишүүгѳ жакшы жышаан, белги экенин айтып, 4-октябрдагы добуш берүү күнүндѳ активдүү болууга, добуштарды сатпоого, жүрѳк менен добуш берүүгѳ чакырып ѳттү.
Жогорку Кеңештин вице-спикери, партиянын курамында шайлоого катышып жаткан Аида Касымалиева «Биримдик» партиясынын башка партиялардан айырмачылыгына токтолуп, адамдын социалдык абалдарына, бакубатчылыктарына басым жасай турганын айтты.
«Биримдик» партиясынын идеологиясына ылайык, ѳлкѳдѳгү бай менен кедейлердин ортосунда ажырым болбошу керек, баары социалдык теңчиликте жашашы зарыл. Биздин партия эң алдыга социалдык кѳйгѳйлѳрдү чечүүнү коет. Партиябыздын программасында булардын баары камтылган», - деди А. Касымалиева. Ошону менен бирге шайлоонун тынч ѳтүшүн каалап, жаңылбай, туура тандоо кылууга чакырды.
Мындан сырткары, ЖК депутаттыгына Ысык-Кѳл облусунан талапкерлер Бактыбек Турусбеков, Сүйүнтбек Касмамбетов, Максат Тентимишовдор сѳз сүйлѳшүп, балыкчылыктарды «Биримдик» партиясын колдоого чакырып, партиянын курамындагыларга ишеним артса боло тургандыктарын айтышты.
Соңунда Балыкчы шаарынын аксакалы, легендарлуу парламенттин депутаты Исакеев Казыбай сѳз алып, партиянын курамында татыктуу инсандардын чогулганына белгиледи. Талапкерлерге кайрылып, эл үчүн кызмат кылууга чакырып, шайлоодо жеңиш каалап, «Биримдик» партиясы атына заты жарашкан, түндүк менен түштүктү бириктирген, калыс, адилеттүү партия болсун, ѳлкѳнүн кызыкчылыгын баарынан жогору койгон, ар бир адамдын кѳйгѳйлѳрүн уккан, чынчыл депутаттардан болгула», - деп батасын берди.
Жолугушуу «Биримдик» партиясынын гимнинин аткарылуусу менен жыйынтыкталды.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.
Ссылка: https://barometr.kg/birimdik-partiyasy-ysyk-kl-oblusundagy-gt-ishin-bashtady
Добавить комментарий ×