Бириккен Араб эмирлигиндеги кыргызстандыктар качан алып келинери айтылды

17 апрель 2020 13:56 1687 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб эмирлигиндеги (БАЭ) кыргызстандыктарды алып келүү боюнча сүйлөшүүнү жүргүзүүдө.

Республикалык штабдан кабарлашкандай, КР ТИМи БАЭнин авиациялык бийлиги менен биргеликте кыргызстандыктардын алып кетүү үчүн 26-апрелде “Дубай - Бишкек” каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу маселесин иштеп жатат.

“Бул маселе чет өлкөлөрдөн мекендештерибизди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында КР Президентинин тапшырмасынын негизинде чечилүүдө. Ошондой эле КР жарандарын БАЭден эвакуациялоо үчүн 3-майда жана 5-майда кошумча каттамдарды уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашуу жетишилди”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн 17-апрелде Түркиянын Стамбул шаарынан 200дөн ашык кыргызстандык келет. Алардын бардыгы келери менен обсервацияга алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/birikken-arab-emirligindegi-kyrgyzstandyktar-kachan-alyp-kelineri-ajtyldy



Добавить комментарий