"Альянс Алтын": "Биргеликте коронавирусту жеңебиз" сынагы жыйынтыкталып, белектер тапшырылды (Сүрөт)
“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому, коронавирус илдетинен сактануу жолдорун жайылтуу максатында, Балдарды коргоо күнүн утурлай “Биргеликте коронавирусту жеңебиз” аттуу сынак жарыялаган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Конкурска ата-энеси “Альянс Алтында” иштеген балдардын 83 эмгеги коюлган. Анын жыйынтыгы менен мыктылары танталып алынды.
Алар: 4 - 6 жашка чейинкилер арасында 1- орун Марышев Роман, 2-орун Рысбеков Айдар, 3-орун Арыстанбекова Самира.
7 - 9 жашка чейинкилер арасында 1-орун Рыскулбеков Даниель, 2-орун Жетигенов Калыбек, 3-орун Казымжанов Акылбек.
Ошондой эле онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эл сүймөнчүктөрү тандалды.
Жеңүүчүлөргө мекеменин башкы директору Шайлообек Таиров ноутбук, уюлдук телефон, Kindlе (электрондук китеп), энциклопедия китептерин ыйгарып, ата-энелерине “Ыраазычылык барактарын” тапшырды.
Сыйлоо аземинде санитардык гигиенанын тартиптери сакталганы белгиленди.
Ссылка: https://barometr.kg/birgelikte-koronavirustu-zheebiz-synagy-zhyjyntyktalyp-belekter-tapshyryldy-srt
Добавить комментарий ×