Бир жылда цементтин баасы 26 пайызга кымбаттады

13 август 2021 16:05 1267 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Июль айында цементтин чекене баасы республика боюнча алганда 50 килограммы үчүн 357,6 сомго бааланып, өткөн жылдын июль айына салыштырганда 26,3 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынын кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Ошол эле маалда эң кымбат баадагы цемент Кара-Балта шаарында сатылып жатат, анын 50 килограммы аталган калаада 409,9 сомдон бааланууда. Ал эми Нарында 50 кг цементтин баасы 400 сом, Чаекте 399,9 сом болуп жатат. Эң арзан баадагы цемент Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында сатылып, анын наркы  50 килограммына 300 сомдон болууда.   

Бир айдын ичинде Покровка айылында цемент 43,5 пайызга, Кара-Балта шаарында 41,3 пайызга, Ош шаарында 38,7 пайызга кымбаттаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bir-zhylda-cementtin-baasy-26-pajyzga-kymbattady



Добавить комментарий