Бир жуманын ичинде унааны башкарып бара жатып чөнтөк телефон менен алаксыган 3255 айдоочу катталган
Бөлүшүү:
Бир жуманын ичинде унааны башкарып бара жатып чөнтөк телефон менен алаксыган 3255 айдоочу айыпка жыгылган. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Андан сырткары мас абалында унаа башкарган 176 айдоочу, жогорку ылдамдыкта айдаган 1366 айдоочу жана унаанын жарык берүүчү тетиктери иштебеген абалда 1236 айдоочу катталган.
Маалыматта айтылгандай, мындай жол эрежесин бузуулар бир жуманын ичинде, башкача айтканда 30-ноябрдан 6-декабрга чейинки аралыктагы убакытта тизмеге киргендердин эсеби болуп саналат.
Добавить комментарий ×