Бир суткада коменданттык сааттын режимин 110 жаран бузду

30 апрель 2020 10:43 1131 Barometr
Бөлүшүү:
ok

30-апрелге карата Кыргызстандын аймагында өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 110 жаран жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 82, Ош шаары -13, Жалал-Абад шаары-2, Сузак району-8, Нарын шаары-4, Ат-Башы району-1.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3837 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. 

Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 325 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-sutkada-lk-boyuncha110-zharan-zhetkirildi



Добавить комментарий