Бир колунан ажыраган жоокердин экинчи колу да кесилет

23 август 2018 22:30 1940 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19-августта  токко урунуп бир колунан ажыраган жоокердин экинчи колу да кесилет. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди. 

Маалым болгондой,  Руслан Сартбаевдин туугандары мамлекет башчысына, премьер-министрге, Башкы штабдын жетекчилигине Германиядан электрдик кол протезин алып бергиле деп кайрылуу ниетинде.  Жоокер сапаттуу дарыланууга муктаж. Анын бир колун кесип салышкан, бүгүн экинчи колун кесишет. 

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында жабырлануучунун үй-бүлөсүнүн каражаты жок, ал тургай жөнөкөй протез сатып алганга акчасы жетпейт. Андыктан алар жогору жакка кайрылганга туура келген. Учурда бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат. 

Эске салсак, 19-августта Майлуу-Сууда жоокерди көмөк чордонунда электр тогу уруп, ал бир колунан ажыраган. Азыр ал Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/bir-kolunan-azhyragan-zhookerdin-ekinchi-kolu-da-kesilet



Добавить комментарий