Бирөө каза болуп, экинчиси жаракат алган. Ошто бензин ташыган 3 вагон оодарылып кетти

22 декабрь 2022 14:58 1304 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто темир жолдо бензин ташыган 3 вагон оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, кечээ, 21-декабрда Ош шаарына жанаша жайгашкан Нариман айыл аймагындагы "Өзгөчө кырдаалдарга  чара көрүү боюнча түштүк борборунун" нефтьбазасына жакын  жайгашкан темир жол станциясында күйүүчү май (бензин) куюлган 3 цистерна (вагон) темир жол каттамынанан чыгып, оодарылып кеткен.

“Аталган кырсыктын кесепетинен 1963-ж.т. Э.У. аттуу эркек кишини (регулировщик) басып калып каза болгон. Ал эми 22 жаштагы. С.А аттуу эркек киши  жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилип абалы туруктуу.

Жерине өрт чыгуу коркунучун жоюу, адамдын сөөгүн басып калган цистернадан  чыгаруу максатында, ӨКМдин Ош облустук жана шаардык башкармалыктардын башчылары жетектеген ыкчам топ, Өзгөчө куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, өрт кырсыгын болтурбоо үчүн Кара-Суу райондук №102 өрткө каршы бөлүмдөн 1, Ош шаардык №13 АӨКБдан 1, Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Мындан сырткары ИИМден 10 кызматкер, Тез жардам кызматынан 6 кызматкер тартылып, учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу, жолдон чыгып кеткен цистерна вогондордун ичиндеги бензинди башка бактарга бошотуп, өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери аткарылууда”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-kaza-bolup-ekinchisi-zharakat-algan-oshto-benzin-tashygan-3-vagon-oodarylyp-ketti



Добавить комментарий