Бир үйдүн жалгыз кызы болгон 38 жаштагы аял балалуу болуудан качып ажырашты
38 жаштагы Алма-Ата шаарынын тургуну Зарина чайлдфри кыймылынын таасиринен улам балалуу болгусу келбей жубайы менен ажырашууда. Бул тууралуу nur.kz кабарлады.
Келин Алмата шаарында туулуп өскөн, бир үйдүн көзгө басар жалгыз, эркек кызы болуп чоңойгон.
Өзүнүн бул аракетин ал чайлдфри кыймылынын (балалуу болгусу келбегендердин кыймылы) таасиринен улам болду деп эсептейт.
“Ата-энем мен төрөлө электе эркин жашачу. Алар каалагандай саякаттап, каалаган ишин кылышчу. Бирок мен үчүн түйшүк тартышты. Ошондуктан мен андай жашоону каалабай, балалуу болбой жашап өтөм деп өзүмө сөз бергем”,-деп айтты Зарина сотто.
Ал аталган кыймылдын таасирине 22 жашында кабылган, болочоктогу жубайына бул тууралуу айтып анан турмушка чыкканын эскертти. Жигити макул болуп үйлөнгөндөн кийин бир канча жылдан соң башка баардык эркектердей эле балалуу болуу сунушун киргизген. Эми аял буга макул болбой ажырашып жатат.
Ал карыган кезде карылар үйүнүнүн кызматкери ага алдан тайып калганда бир стакан суу алып келсе ошол жетерин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-jdn-zhalgyz-kyzy-bolgon-38-zhashtagy-ayal-balaluu-boluudan-kachyp-azhyrashty
Добавить комментарий ×