Бир апта бою өлгөн аял менен жашады

22 апрель 2019 11:52 16134 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Семей шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде үйүлгөн таштандынын арасынан аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу КТК кабарлады.

Подъезди сасык жыт каптап кеткенде коңшулар ызы-чуу түшүп полиция чакыртышкан. Келген полициялар көргөн көздөрүнө ишенбей шок болушту, 78 жаштагы пенсионер аял бир апта мурда каза тапкан экен.

Бул учурда квартирада каза тапкан аялдын сиңдиси болгон. Коңшулар эже-сиңдилер көп жылдан бери чогуу жашай турганын айтышты. Акыркы учурларда алардын улуусу ооруп көчөгө чыкпай калган. Ал эми кичүүсү бул арада квартирага жакынкы таштандылардан толтура таштанды алып келип үйүп таштаган.

Коңшулар алар үйдү тазалоого жардам берели дешсе болбой койгондорун кошумчалашты.

Учурда аялдын сөөгүн жерге беришип, анын сиңдисин психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына алып кетишти.

Бирок таштанды менен жыттын кетпей жатканына коңшулары даттанышууда. Алар өздөрү тазалайлы десе жергиликтүү бийлик уруксат берген эмес.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bir-apta-boyu-lgn-ayal-menen-zhashady



Добавить комментарий