Бир айда күйүүчү май канча сомго кымбаттады?

17 август 2021 09:27 2238 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Август айында Кыргызстанда күйүүчү майга карата баанын кымбатташы уланып жатат.Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Август айынын башынан бери Аи-80 маркасындагы бензин 4 пайызга, Аи-92 маркасындагы бензин 5 пайызга, дизель отуну 4,4 пайызга кымбаттады. Ушул эле маалда күйүүчү-майлоочу майдын баасы жыл башынан бери бензин үчүн 60 пайызга, дизель отуну үчүн 40 пайызга наркын жогорулатты.

“Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасынын кымбатташына 2021-жылдын башынан тартып Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда дүңүнөн сатуу бааларынын жогорулашы себеп болду. Июль айындагы келишимге ылайык Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда дүңүнөн сатуу баасы тоннасына 65 долларга чейин кымбаттады”,-деп маалымдашты аталган агенттиктен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bir-ajda-kjch-maj-kancha-somgo-kymbattady



Добавить комментарий