Бильярд. Дүйнө чемпионаты: Азиз Мадаминов жарым финалга чыкты

12 август 2019 19:49 622 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалга чыккандар аныкталды.

Жарым финалдык жуптун биринде орусиялыктар Павел Кузьмин менен Семен Зайцев беттешет. Ал эми экинчи жупта кыргызстандык Азиз Мадаминов азербайжандык Сеймур Маметов менен күч сынашат.

Сеймур Маметов чейрек финалда кыргызстандык дагы кий чебери Кайрат Абсатаровду айыгышкан таймашта жеңип алды. Кайрат 8 партиядан кийин жалпы эсепте 5:3 менен утуп бараткан. Сеймур эсепти теңеп, акыркы чечүүчү беттеш да катуу кармаш менен өттү. Кайрат биринчи болуп 7 шар түшүрүп алдыда келаткан. Атаандашы аны кууп жетип, сегизинчи шарды тор баштыкка түшүрүп, жеңишти илип кетти.  

Жарым финалдык беттештер эртең, 13-августта бири 09:00гө, экинчиси 11:00гө белгиленген.

Мелдештин беттештерин “tournamentservice.net”  түз алып көрсөтүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bilyard-djn-chempionaty-zharym-finalistter-anyktaldy-alardyn-biri-kyrgyzstandyk-aziz-madaminov



Добавить комментарий