Бильярд. Азиз Мадаминов жарым финалда утулуп калды

13 август 2019 16:09 602 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалда кыргызстандык Азиз Мадаминов азербайжандык Сеймур Маметовго утулуп калды.

Азиз беттеш башталгандар тарта 1:0, 2:1, 3:2, 4:3 болуп алдыда келатты. Ага карабай Сеймур Маметов улам кууп жетип, эсепти теңеп, акыркы партияда утуп кетти.

Эми Сеймур Маметов бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн орусиялык кий чебери Семён Зайцев менен финалда беттештет.

Финалдык беттеш кечки саат 19:35те болот.

Семён бүгүн мекендеши Павел Кузьминди утуп финалга чыккан.

Павел Кузьмин менен Азиз Мадаминов дүйнө чемпионатынын коло медалын алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/bilyard-aziz-madaminov-zharym-finalda-utulup-kaldy



Добавить комментарий