Билим берүү министрлиги мектеп төлөмдөрү боюнча жумушчу топ түзөт

7 август 2021 12:54 1548 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Билим берүү жана илим министрлиги көп жылдардан бери коомчулуктун жана ата-энелердин карама-каршы көз карашын пайда кылып келе жаткан мектеп төлөмдөрү боюнча маселени чечиш үчүн жумушчу топ түзөт. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Жумушчу топтун курамына министрликтин кызматкерлери, ата-энелер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Жумушчу топ аталган маселенин укуктук, каржылык, социалдык жана башка аспектилерин карайт жана аны чечүүнүн жолдорун сунуштайт.

Буга чейин министр Болотбек Купешев мектептерге биргелешкен көмөк түрүндө төлөм берүү тууралуу мүмкүндүк каралып жатканын басма сөз жыйынында билдирген болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-ministrligi-mektep-tlmdr-boyuncha-zhumushchu-top-tzt



Добавить комментарий