Билим берүү министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн акча чогултушуна тыюу салды

11 май 2019 13:00 4921 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүүчүлөрдү акыркы коңгуроого акча чогултуусуна тыюу салды. Бул боюнча быйылкы жылдагы буйрукта көңүл ачуучу жайларга бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда иш-чараларды уюштурууга тыюу салган берене кошулган.

Ошол эле мезгилде окуучу аттестат алгандан кийин мектеп окуучусу болуп эсептелбей турганы, кийинки аракеттерин мектеп көзөмөлгө албай турганы белгиленген. Бул боюнча министрликтин түшүндүрмөсүндө «Акыркы коңгуроодо белек алуу жана акча чогултуу тууралуу Билим берүү министрлигинин буйругу мектеп жетекчилерине жана мугалимдерге тиешелүү. Эгерде ата-энелер балдарына майрамдык иш-чара уюштургусу келсе анда алардын коопсуздугун өз жоопкерчилигине алышат»,-деп айтылат.

Бул демилге биринчи ирет болуп жаткан жок. Министрлик мектеп директорлоруна, мугалимдерге белек алууга, мектеп менен коштошуу иш-чарасына акча чогултууга жыл сайын тыюу салып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-ministrligi-btrchlrdn-akcha-chogultushuna-tyyuu-saldy



Добавить комментарий