Билим берүү министри китептеги каталарга тиешеси жок экенин айтты
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева сапатсыз окуу куралдарынын басмаканадан чыгышы тууралуу жагдайга комментарий берди. Бул тууралуу ал парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында маалымдады.
Ал кыргыз, өзбек, такик мектептеринин 5-6-классынын окуучулары үчүн окуу китептерин басып чыгаруу Дүйнөлүк банк менен келишимдин негизинде 2015-жылы эле макулдашылганын айтты. Басмакана менен 2016-жылдын август айында келишим түзүлгөн.
“Мени 2016-жылдын соңунда дайындашты. Ошондуктан мен келишим шарттарын өзгөртө албадым. Бирок биз үчүн бул абдан маанилүү маселе. Биз окуу куралдарына экспертиза жүргүздүк. Билим берүү академиясынын жетекчи курамын толук өзгөрттүк”,-деп айтты министр.
Журналисттер «Табият таануу» жана «География» окуу китептеринде ката бар экенин табышкан. Билим берүү министрлиги басылманы оңдоп кайра басып чыгарыша турганын билдирди.
Башкы прокуратура буга карата кылмыш ишин козгоду.Чыгаша 32 миллион сомго бааланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bilim-ber-ministri-kiteptegi-katalarga-tieshesi-zhok-ekenin-ajtty
Добавить комментарий ×