Бийчилерге жакын Бек Борбиев жаңы клибине айтылган сындарга жооп берди
КРнын эмгек сиңирген артисти, ырчы, обончу Бек Борбиевдин жаңы чыккан ар бир ыры хитке айланат. Жакында эле ырчы Сайкал Садыбакасова менен “Секелек” аттуу ырды ырдап, ага клип тартышкан.
Клип көпчүлүкө маалыма болгондой чыгыш бийи менен коштолгон. Айрымдар "бий ашыкча болуп калыптыр", "Бек байкебиз бийчи кыздарга жакын" деген өңдүү пикирлерин билдирүүгө жетишкен.
Айтылган сындарга Бек Борбиев өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасынан жооп жазды:
“Сайкал Садыбакасова экөөбүздүн клипибиз YouTube каналынан өзүнүн көрөрмандарын арбытып жаткан кези. Негизи бул ыр 90- жылдары, мен жаңы эстрадага өткөн кезде жарыкка чыккан. Сахнада ал кезде дагы көп ырдалган, ошого карабай азыр да бул ыр өз күйөрмандарын табып келет. Клиптеги чыгыш бийине көп сын айткандар бар экен, биринчиден. Бул ырдын керек болсо оранжировкасы дагы чыгыш стилинде жасалган. Анан албетте клип чыгыш бийи менен коштолот. Арабдарда келин киргизгенде жар-жар айтылбайт, мына ушул бий менен киргизишет экен. Араб элинин башка нерсеси жакшы , бийи жаман десек туура болбой калат го. Сабырдуу бололу" -деп жазды ырчы.
Ссылка: https://barometr.kg/bijchilerge-zhakyn-bek-borbiev-zhay-klibine-ajtylgan-syndarga-zhoop-berdi
Добавить комментарий ×