Бийчи Макс Токтоналиев жакында кырк жылкылуу болот
Кыргызстандагы алдыңкы сапты ээлеп турган бийчилердин бири Макс Токтоналиев кыздуу болот. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасынан билдирди.
Маалым болгондой, Токтоналиев бир жыл мурун Азада аттуу кызга баш кошкон эле, эми минтип эки жаш тун наристесин күтүп олтурат.
Азыркы өнүккөн заманда баланын жынысы ким экенин аялы күйөөсүнө өзгөчө ыкма менен сүйүнчүлөө "модага" айланган. Азада да дал ушундай ыкмалардын бирин колдонуп жолдошуна кыз төрөлөөрүн кабарлаган.
Атайын жасалган тортто:
"Биз кыздуу болобуз" деген жазуу жазылганын көрүүгө болот.
Көпчүлүк эки жашты куттуктап, Азаданын аман-эсен көз жарып алуусун каалашты.
Ссылка: https://barometr.kg/bijchi-maks-toktonaliev-zhakynda-kyrk-zhylkyluu-bolot
Добавить комментарий ×