Бүгүнтөн тартып Жерге акыркы 10 жылда болуп көрбөгөн магниттик бороон келди

15 июль 2019 16:23 12037 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Бүгүн, 15-июлдан тартып Жерге геомагнит бороон келди.Буга Күндүн бетиндеги ири жарылуулар себеп болду”,-деп кабарлады "Униан".

Ал акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй күчтүү бороон экени маалымдалууда.

Бул көрүнүшкө адамдар ар кандай реакция кылуулары мүмкүн.Кээ бири өзүн жаман сезип кыйналат, айрымдарынын уйкусу келет, башка бирөөлөрдүн тескерисинче уйкусу качат. Тынчы кетип башып ооруп, урушууну каалагандар дагы болот.

Магниттик толкундун таасирине азыраак кабылыш үчүн стресстен, өтө эле күч келүүчү жумуштарды азайтыш керек. Көбүрөөк уйкуну кандырып, таза абада болгон жакшы жардам бермекчи.

Алкоголдон, кофеден баш тартуу зарыл, анын ордуна суу же болбосо тынчтандыруучу чай ичкен дурус. Ашыкча тамактанып алуудан дагы алыс болгон кажет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bgntn-tartyp-zherge-akyrky-10-zhylda-bolup-krbgn-magnittik-boroon-keldi



Добавить комментарий