Бүгүнтөн баштап Аксы районунда тойканалар жабылат
Бөлүшүү:
Жалал-Абад областынын Аксы районунда 10-июлдан тартып баардык кафе, ресторандардын ишмердигине чектөө киргизилет. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынын маалыматына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Ыкчам штабдын чечими менен адамдар көп топтоло турган жайларга чектөө киргизилет. 10-июлдан тартып кафе-ресторандар жабылып, ашканаларга аралыкты сактоо талабы менен 50 пайыз чектөө колдонулат.
Азыркы учурда адамдар көп топтолгон жайларды дезинфекциялоо иштери башталды.
Райондо жалпысынан 10 тойкана жана 100дөй коомдук тамактануучу жай бар.
Ссылка: https://barometr.kg/bgntn-bashtap-aksy-rajonunda-tojkanalar-zhabylat
Добавить комментарий ×