Бүгүн жума күнү Жерди абдан күчтүү күн бороону каптайт
Күндүн катуу бороону Жерге багыт алган, окумуштуулар бүгүн 5-июлда анын Жерге жетерин эскертишти. АКШнын космостук штаты берген маалыматка таянсак, геомангиттик бороон G1 классында болмокчу. Бул тууралуу news.com кабарлады.
Геомагниттик күн бороондору Жердин геомагниттик талаасына өтө күчтүү таасир берет. Күндүн жогорку заряддалган бөлүктөрү атмосферанын үстүнкү бөлүктөрүнө кирип адамдын бир катар ишмердигине таасирин тийгизет.
Мындай бороондордон Жердин магниттик талаасы жабыркагандыктан техникалык маселелер жана адамдын ден соолугунда тобокелдиктер жаралат.Ошондой эле нафигациялык GPS системаларына, мобилдик түзүмдөр менен спутник телеберүүсүнө таасирин тийгизиши ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-zhuma-kn-zherdi-abdan-kcht-kn-boroonu-kaptajt
Добавить комментарий ×