Бүгүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт

5 сентябрь 2018 11:40 985 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызгидрометтин билдиргенине караганда өлкө аймагында бүгүн, 5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,

Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 22...27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 21...27,

Ал эми бүгүн Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 24…26 градуска чейин ысык болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-ysyk-kl-oblusunun-ajrym-zherlerinde-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий