Бүгүн Самара Каримованын туулган күнү: "Жүрөгүм мээримге, сүйүүго толо"
Бүгүн, 10-апрель ырчы Самара Каримованын туулган күнү. Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Ырчынын жакын сааналаштары, сахналаш достору, күйөрмандары ырчынын туулган күнү менен куттуктуктоолорун жаадырышууда.
Ал эми Самара Каримова өз учурунда жакындарына:
“Түнкү саат 00:00 дөн баштап канча куттуктоолор келип жатат. Ар бир куттуктоо үчүн чоң рахмат. Эң биринчи сүйүктүү ата-энемдин майрамы. Мага жашоо тартуулаганыңыздар үчүн таазим сиздерге. Аллахым буюрса атамдын эмгегин, апамдын ак сүтүн актаймын. Мага кандай жакшылык кааласаңыздар мен сиздерге 100 эсе көп жакшылык каалаймын. Жүрөгүм - мээримге, сүйүүгө толо. Баарыңыздарга жетет. 28-жашым, 28-жазым кош кел! Мен сени сүйөм өмур!
Урматым менен Самара Каримова”, -деп ырахматын айтты.
Barometr.kg сайты ырчыны өздүк майрамы менен куттуктайт!
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-samara-karimovanyn-tuulgan-kn-zhrgm-meerimge-sjgo-tolo
Добавить комментарий ×