Бүгүн Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү ант берет
Бөлүшүү:
Бүгүн, 28-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети менен чогуу ант берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамы 14-октябрда Кыргызстандын мурунку президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан бекитилген.
Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү бүгүн, 28-октябрда аяктайт. Бирок, парламент депутаттары кийинки чакырылыштагы депутаттарды шайлоого чейин иштеп туруу чечимин кабыл алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-sadyr-zhaparov-bashtagan-kmt-mchlr-ant-beret
Добавить комментарий ×