Бүгүн республиканын айрым аймактарында күн күркүрөп, жаан жаайт
Бөлүшүү:
Бүгүн, 17-сентябрда республиканын айрым аймактарында күн күркүрөп, жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +16…+21 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градуска жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-respublikanyn-ajrym-ajmaktarynda-kn-krkrp-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×