Бизнести коргобой кордогон укук коргоо органдарынын аракеттери талкууланат

12 февраль 2020 09:45 665 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 12-февралда, туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук комитетине караштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтөт.Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында инвестицияларды коргоонун абалы жана бизнес субъекттердин укуктарын коргоо, экономикалык иштердин криминалдашуусунун укуктук аспекттери, бизнести коргоо тармагында укук органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышы талкууланат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышат. Комитеттин жыйынынын жыйынтыгында ишкердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууга жана өлкөнүн инвестициялык дараметин жогорулатууга багытталган чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-nr-zhajdy-zhana-ishkerdikti-nktr-boyuncha-komitettin-ekinchi-zhyjyny-tt



Добавить комментарий