Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

21 сентябрь 2018 11:45 917 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 21-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк райондорунда жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды. 

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19…+24, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +14…+19 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Бишкекте +18…+20 градуска жетсе, Ош шаарында +21…+23 градус жылуу болору болжолдонду.



Ссылка: https://barometr.kg/bgn-lknn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий