Бүгүн өлкөнүн кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт

14 сентябрь 2018 12:00 1037 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бугүн, 14-сентябрда өлкөнүн  кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. 

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +20…+25 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +22…+24 градуска жетсе, Ош шаарында +21…+23 градус болору болжолдонду.



Ссылка: https://barometr.kg/bgn-lknn-kee-bir-rajondorunda-zhaan-zhaap-kn-krkrsh-ktlt



Добавить комментарий