Бүгүн, Кыргызстанда 1-класстар үчүн билим күнү бегиленип жатат (видео)
Бүгүн борбор калаада алгач мектеп босогосун аттап жаткан балдар үчүн билим күнү белгиленүүдө. Бул туралуу Бишкек мэриясынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Ак шуурудай тизилип, аруу максат менен мектеп босогосун аттап жаткан балдарды мугалимдер бет кап кийип шаңдуу музыканын коштоосунда тосуп алышты. Эскертилгендей балдар да санитардык талаптарды так сактап, бет кап менен биринчи мугалимине жолугушту.
Окуучулардын биринчи сабагы “менин сүйүктүү Кыргызстаным" деген темада болду жана мектеп боюнча экскурсия өткөрүлдү.
2020-2021-жылдагы окуу жылында мектепке 19 миңге жакын бала барат.
Эскерте кетсек, билим берүү жана илим министрлигинин чечими боюнча 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып биринчи класстагы окуучулар мектепке барып окуусун баштайт.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstanda-1-klasstar-chn-bilim-kn-begilenip-zhatat-video
Добавить комментарий ×