Бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасын шайлоо өткөрүлөт

26 июнь 2019 16:24 1194 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Медиа пресс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Жылдызбек Керимбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасын шайлоо өткөрүлө турганын маалымдады.

“КТРКнын Байкоочу кеңешинин кезектеги жыйынына чогулуп жатабыз. Күн тартибинде: Байкоочу кеңештин төрагасын шайлоо болот”,-деп кабарлады ал.

Ал ошондой эле учурда Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жыйынга чогулуп жатышканын, азырынча анык бир талапкер жок экенин кошумчалады.

Атайын регламентке ылайык Байкоочу кеңештин төрагасын шайлоо жыл сайын өткөрүлүп турат.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-ktrknyn-bajkoochu-keeshinin-tragasyn-shajloo-tkrlt



Добавить комментарий