Бүгүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча кайрадан сынак өткөрүлөт
Бөлүшүү:
Бүгүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча кайрадан сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейинки аукцион жокко чыгарылган.
Маалымдалгандай, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча аукциондо катышуучулардын бири катачылык кетирип алган. Техникалык адистердин алдын-ала чыгарган тыянагына ылайык, арыз берген компаниялардын бири туура эмес маалыматты киргизип алган. Дал ушул себептен система автоматтык түрдө башка катышуучуларды блокко киргизип салган.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-koopsuz-shaar-dolbooru-boyuncha-kajradan-synak-tkrlt
Добавить комментарий ×