Шашылыш билдирүү! 26-28-июнда туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө
Бөлүшүү:
Республика боюнча 26-28-июнда туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
2020-жылдын 26-июнунан 28-июнуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kee-bir-zherlerge-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×